Бүгүн, 3-июнда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштар менен күрөшүү комитети адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарына күнөөлүү айдоочуларды айдоочулук укуктан биротоло ажыратуучу мыйзам долбоорун четке какты.
Комитет депутаттары Кылмыш-жаза кодексине мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү Конституцияга каршы келе турганын айтышып, мыйзамды артка кайтаруу керектигин билдиришти.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Карамат Орозова буларга токтолду:
“Бул мыйзам долбоору менен биз коомдун, адамдардын коопсуздугун сактайбыз. Бүгүнкү күндө коомдук унаалардын айдоочулары адамдарды сүзүп өлтүрүп коюп, кайра ошол жумушунда иштеп жүрө беришет. Ушуга чектөө коюшубуз керек”.
Мыйзам долбоорун комитет мүчөлөрү четке кагышты.