Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде бүгүн, 3-июнда “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору боюнча, мурда соттолгон жарандардын бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлешине тыюу салынганы жатат. Мисалы, мурда сот жообуна тартылган адам президент, Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке депутат, шаар мэри жана аким боло албайт.
Комитет мыйзам долбоорун колдоого алып, палатада кароого жөнөттү.