Алтайда суу ташкынынан 6 адам каза тапты (фоторепортаж)

Орусиянын Алтай аймагы бир жумадан бери суу ташкыны менен алышып келет. Акыркы маалыматтарга таянсак, бул кырсыктын кесепетинен 6 адам каза тапты. Дайынсыз жоголгондор да бар. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тынбай жааган жамгырдан улам Бия, Катунь, Ануй, Чарыш, Майма дарыяларындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, бир сутка ичинде 4 миңге жакын үй суу астында калган. Мындан сырткары 61 көпүрөнү алып кеткен. Эгер жамгыр токтобосо, анда Красноярск аймагын жана Кемеров облусун суу каптоо коркунучу туулууда.
Учурда Орусиянын Борбордук аскердик округунан кошумча күчтөр, 150 аскер кызматкери жана 20 аскердик техника жөнөтүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
upol92
2014-06-04 01:16:31
Кудай сактасын. Орустар Москваны ондоп мактангандан башка нерсени билишпейт. Деревнялары аябай начар шартта. Ага караганда Кыргызтанда баары таза баары соонун.
Канча убакыт иштеп тапканы бир кун келип баарын агызып кетсе эн окунучтуу. Баарыбыз Аман бололу, Тынч бололу.
0
demo009
2014-06-04 01:17:27
Кудай сактай көр
0
AriAdi
2014-06-04 01:27:55
Аллахым озун сакта табигат кырсыктарынан.
0
Aida91
2014-06-04 09:16:18
Дай аллах чтоб все остальные были живы!!!
0
bai.kymbat
2014-06-04 10:17:35
Боодо кырсыктан сактасын кудайым!
0
tokio1991
2014-06-04 15:54:55
кудай сактасын мындай кырсыктан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан