Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында “КРнын Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Демилгечилердин айтымында, Жер кодексинде "жер тилкелери мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн, мамлекеттик турак үйлөрдү куруу, жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, тарыхый-маданий багыттагы курулуштар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка максаттар үчүн берилиши мүмкүн" деп жазылганына ылайык, бул бөлүк
“энергетика” деген сөз менен толукталганы жатат. Муну менен көмөк чордон орнотуу үчүн энергетика тармагындагы ишканаларга жер тилкеси бекер берилет.
Мыйзам долбоорун комитет 3-окууда кабыл алды.