Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасы боюнча министрлерге тапшырма берди

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 3-июнда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасына байланыштуу жасалчу иштер боюнча өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Анда аталган маселе менен кошо "Өнүктүрүү" фондунун жобосун иштеп чыгуу маселеси каралганын өкмөттөн билдиришти. 
"Кеңешменин катышуучулары жол картасына байланыштуу пландарды аткаруу боюнча пикирлерин айтышты. Астана шаарында 29-майда кыргыз-орус өкмөттөрү ортосунда кол коюлган Бажы биримдигине карата КРнын экономикасынын адаптациясы боюнча макулдашуунун мазмунун эске алуу менен жетишилген келишимдерди ишке ашыруу механизмдери талкууга алынды",- деп айтылат билдирүүдө. 
Жоомарт Оторбаев министрликтер менен ведомстволорго тез арада жол картасына карата жасалчу иштердин планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан