“Кыргызстанда көчө шыпыргычтардын айлыгынын аздыгы боюнча бир да жолу маселе көтөрбөгөн Профсоюз уюму “Кумтөргө” байланышкан мыйзам долбооруна каршы чыгууда”,- деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн, 3-июнда парламенттеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында. Аталган уюм мыйзам долбоору “Кумтөрдүн” кызматкерлеринин иш таштоого чыгуу укугун чектейт деп эсептей турганын айтты депутат.
“Профсоюз өлкөдө көчө шыпыргычтардын айлыгынын аздыгы боюнча бир жолу иш таштоо уюштурдубу? Жок. “Кумтөр” маселесине келгенде гана иш таштоону эстеп калыптыр. Профсоюз уюму эмне үчүн алардын укугу боюнча маселе көтөрбөйт? Тоо-кен институтунан Тажибаев деген адам “Кумтөр” маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы чыгып жатат”,- деди Текебаев.
Мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчиси 12 жылга эркинен ажыратылат.
Мыйзам долбоору комитетте экинчи окууда кабыл алынды.