Чүй облусундагы мейманканалардын биринен 35 миң сомдук идиш-аяк уурдалган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринин башкы директору укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, мейманканалардын бирине белгисиз адамдар кирип, 35 миң сомго бааланган идиш-аяктарды уурдап кетишкендигин кабарлаган. Көп өтпөй аталган кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу кармалган. Аталган факт боюнча иликтөө иштери уланып жатат.