Исмаил Исаков: “Баткенде айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп бир туугандар иштеп жатышына эл нааразы”

Кадамжай районундагы айылдардын биринде айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп бир тууган ага-ининин иштеп жатышына эл нааразы. Муну бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Исмаил Исаков айтты. Депутат бул көрүнүштү коррупциянын башаты деп эсептейт. “Биз бул нерсени токтотолу деп жатабыз. Бир туугандардын бир мезгилде айыл өкмөттү жана жергиликтүү кеңешти жетектөөсүнө жол берилбеши керек”,- дейт Исаков.

Айта кетсек, комитетте “Муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан