Бүгүн, 3-июнда Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында «Исфана» кайрымдуулук мекемесинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Ага ЖКнын депутаты Назарали Арипов, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Тилеберди Арипов жана жергиликтүү жетекчилер катышты.
Маалым болгондой, “Исфана” кайрымдуулук мекемесинин ачылышын утурлай райондогу сүннөткө отургузула турган балдар сүннөткө отургузулду.