Баңгизатын көзөмөлгө алуу мамлекеттик кызматы тарабынан республика боюнча 26-майдан 31-майга чейинки аралыкта баңгизатына байланыштуу 5 кылмыш ачыкталган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.
Алсак, 27-май күнү КРнын жаранынын унаасынан капка салынган кара куурай, башкача айтканда, 1 килограмм 180 грамм марихуана табылган. Буга катар эле баңгизаттарына байланыштуу бир катар кылмыштар катталып, жыйынтыгында 360 грамм героин, 48 грамм гашиш, 1 килограмм 180 грамм марихуана, 253 грамм 900 грамм прекурсор заттары табылган. Учурда катталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөө улантылууда.