Мурат Суталинов: “7-апрель окуясы боюнча моралдык жоопкерчилик сезем”

Бүгүн, 14-январда 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча башталган сот процессинде айыпталуучу Мурат Суталинов “7-апрель окуясы боюнча моралдык жоопкерчилик сезем” деп билдирди. Суталинов бул кандуу окуяны алдын ала токтото албагандыгы үчүн уяларын жана бүгүнкү оорулары ошол моралдык азап чегүүдөн улам келип чыкканын кошумчалады. Эске салсак, Мурат Суталиновго "бөйрөгүндө рак оорусу бар" деген диагноз коюлуп, операция жолу менен бир бөйрөгүн алдырткан. Ошондой эле 2010-жылдын 7-апрелинде кол алдындагы кызматкеринин куралынан ок чыгарылгандыгы экспертизадан аныкталбагандыгын айтты Суталинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан