Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 3-июндагы жыйынында шаарлар менен айылдардын башкы планын жөнгө салуу, анын бекитилишине коомчулукту катыштырууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Мыйзамдын демилгечиси – депутат Дастан Бекешев. Анын айтымында, мыйзам долбоору шаарлар менен айылдардын башкы пландарынын жашыруундуулугун алып салуу максатында иштелип чыкты. Демилгени 3-окууда комитет мүчөлөрү бир добуштан колдошту.