Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө көрсөткөн талапкерин артка чакыртып алууга фракцияларга укук берилгени жатат

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде бүгүн, 3-июнда Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды. 

Демилгечилердин айтымында, КРнын Конституциясында судьялар парламент тарабынан шайланары айтылып, аларды кайра чакыртып алуу жол-жобосу камтылбай калган. Ошондуктан судьянын кылмыш жоопкерчилиги келип чыкканда, анын талапкерлигин көрсөткөн фракцияга судьяны кайра чакыртып алуу укугу берилгени жатат. 

Аталган кеңештеги судьяларды тандоо жүрүшүндөгү 3 баскычтын баштапкы баскычында судьялыкка талапкерлерге упай берүү тартиби алынмакчы. Тандоодон өткөн, бирок судьялыкка бекитилбеген талапкерлер резервде турмакчы. Бул тандоо жүрүмүнүн калыс өтүүсүнө шарт түзөрү айтылды.

Андан сырткары "КРнын судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" мыйзамдагы "10 күндүн ичинде" деген түшүнүк "10 жумушчу күндүн ичинде" деп өзгөртүлдү. Башкача айтканда, аталган кеңеш тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмеси 10 жумушчу күндүн ичинде КРнын Президентине жана Жогорку Кеңешке киргизилүүгө тийиш.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан