Талас облусунда автоунааны мыйзамсыз эсептен чыгарып салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Талас облусунда автоунааны мыйзамсыз эсептен чыгарып салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 2010-жылы Талас райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун эсебине баасы 140 миң сомдук Даймлер Бенц 230 үлгүсүндөгү унаасы өткөрүлгөн. 2012-жылдын май айында аталган унаа атайын комиссия тарабынан жараксыз деп табылып, Үй-бүлөлүк медициналык борборунун эсебинен чыгарылган. 2014-жылдын апрелинде жогорудагы унаа Э.О. аттуу жарандан табылган. Айрым эксперттердин баамында, унаанын баасы 69 миң сомду түзөт. Учурда Талас облустук прокуратурасы тарабынан “кызматтык жасалмачылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aelit
2014-06-03 16:50:37
20120-жылдын айииййй , канчанчы кылымга учуп кеттик
0
Jonaruk
2014-06-03 21:07:22
Aelit,
сен адашып калгансынбы мындай жазуусу жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан