Асылбек Жээнбеков: "Кыргызстан Азербайжан менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга кызыкдар"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-июнда Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы, аны мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Июнь айында Баку шаарында өтүүчү Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын пленардык жыйыны боюнча да сүйлөшүү болду. 
Асылбек Жээнбеков Кыргызстан менен Азербайжан кызматташтыгы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр экенин белгилеп, "Кыргызстан ар кайсы тармактагы долбоорлорду биргеликте иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө кызыкдар" деп билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан