Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина Судьяларды тандоо кеңешинин курамына талапкерлерди тандоодо айрым чектөөлөрдү киргизүүнү демилгелөөдө. Мындай пикир ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 3-июндагы жыйынында айтылды.
Скрипкинанын айтымында, аталган кеңештин курамына тандоо сынагына мурда судьялыкка өтпөй калган адамдардын талапкерлигин көрсөтүүгө болбойт. Анткени судьялыкка өтпөй калган адамдын судьяларды тандоо ишине тартылышы калыссыздык болуп калмакчы.
"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын резервинде турган жана ал органдардан бошонгон адамдар да Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына шайланбашы керек. Тажрыйба көрсөткөндөй, судьяларды тандоо жүрүшүндө кызыкчылыктардын кагылышы болбой койбойт. Андан көрө кеңештин курамына жарандык адамдарды көбүрөөк тартуу зарыл",- дейт депутат.