Баткенде Тажикстандын 4 жараны аңчылык курал менен кармалды

Баткенде Тажикстандын 4 жараны аңчылык курал менен кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы бүгүн, 3-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 2-июнь күнү Баткен чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан жапайы куштарга аңчылык кылып жүрүшкөн Тажикстандын 4 жараны кармалган. Алар мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип керишкен. Жандарында тастыктоочу эч кандай документтери болгон эмес. Ошондой эле алардан 16 калибрлүү аңчылык мылтыгы алынган. Учурда кармалгандар боюнча тиешелүү документтер топтолуп, алынган курал милиция кызматкерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jalguzum
2014-06-03 17:39:36
Эми силер да камап койгула. Тажиктер кыргыздарды камап 15кун дегенде кыргыз тарапка билдирген. Малын жайып жургондорду да камашат. Булар ачык эле курал менен отушкон
+5
ACAH_AKA
2014-06-03 18:17:30
Камап койуш керек биздикилер кармалганда короор элек эмне кылаарын
0
shutUP
2014-06-03 19:05:48
кайдагы камак,эртен эле таксиге салып үйлөрүнө салып жиберишет
0
ACAH_AKA
2014-06-03 19:09:38
Оздоруно жараша мамиле жасаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан