Эртең, 4-июнда КРнын Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Чек ара башчыларынын кеңешинин 71-отурумуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11 мамлекет катышкан иш-чара Орусиянын Сочи шаарында өтөт. Аталган отурумда Борбор Азиянын аймагындагы КМШга кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик чек араларындагы абал талкууга алынып, аны турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Мындан тышкары Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө даярдыгы тууралуу сөз болот.