Жогорку Кеңештин депутаттары БУУнун "Өнүктүрүү" программасы боюнча эл аралык саммитте баяндама жасашты

Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева менен Роза Акназарова 30-майдан 1-июнга чейин “Стамбул саммити: 2015-жылдан кийинки мезгилде БУУнун "Өнүктүрүү" программасына аялдардын көз карашы” аталышындагы эл аралык саммитке катышып, Кыргызстандагы БУУнун миң жылдык өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу багытында жүргүзүлүп жаткан саясат боюнча маалымат беришти. Муну бүгүн, 3-июнда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Ниязалиева бул багытта өлкөдө бир катар мыйзамдар кабыл алынганын билдирди. Саммитте аялдардын өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерге катышуусу, гендердик саясат жана башка маселелер боюнча талкуу болду. Гендердик саясат боюнча Акназарова маалымат берди. 

Стамбулда өткөн саммиттин башкы максаты - 2015-жылдан кийин БУУнун миң жылдык өнүктүрүү максаттарына салым кошуу, дүйнө жүзү боюнча ар кандай коомчулуктардын маалымдуулугун жогорулатуу жана аялдардын демилгелери үчүн аянтча түзүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан