* Мындан 25 жыл мурун, 1989-жылы СССРдин тарыхындагы эң ири темир жол кырсыгы болгон. Челябинск облусунда эки жүргүнчү ташуучу поезд карама-каршы өтүп бараткан убакта бузулган тамак-аш түтүгүнөн чыккан газ жарылган. Кырсыктын кесепетинен 575 киши каза болуп, 623 киши ар кандай жараат алган.

* Мындан 31 жыл мурун, 1983-жылы Бишкекте “Ош базары” ачылган.
Алгач бул базар 1982-жылы түптөлүп, 1983-жылы ачылып, “Ала-Арча-Ош” деп аталган. Кийин 1991-жылы “Ош базары” деп кайрадан түзүлгөн. 1992-1994-жылдар аралыгында базардын соода орундары менчикке сатылган. Учурда (2014) базар 5,4 гектар аянтты ээлейт.
*Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы Кыргызстан сотторунун республикалык кеңешмеси Бишкек шаарында өткөн. Республикалык кеңешмеде сот реформасын өнүктүрүү, адилет жана айкын сот системин куруу зарылчылыгы белгиленген. Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов Юстиция министрлиги менен Сот департаментин Жогорку Соттун карамагына берүү зарылчылыгына токтолгон. Кеңешме ишине президент А.Акаев, премьер-министр Н.Танаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы А.Эркебаев баштаган өлкө жетекчилиги катышкан.

* Мындан 13 жыл мурун, 2001-жылы Непалдын борбору Катмандуда ханзаада
Дипендра Бир Бикрам шах 29 жашында көз жумган. Падыша Бирендра жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы каза болгон. Белгилүү болгондой, 2001-жылы 1-июнда падышанын үй-бүлөсү салттык түштөнүүгө чогулган. Анда чогулгандарды пикир келишпестиктен улам ханзаада Дипендра атып, өзүн да жарадар кылган. Дипендра атасы өлгөн күндөн тартып комада жаткан 3 күн ичинде расмий түрдө падыша деп саналган. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Дипендрага үйлөнүү үчүн апасы сунуштаган кыз жакпай калган. Апасынын тандоосун четке кагып, атасы Бирендраны, апасын, агасы менен карындашын атып салган. Үч күндүк комада жатып падышалыкты башкарган Дипендранын ордуна
Гьянендра Бир Бикрам шах такка отурган.