Маалыматка ылайык, ийримдерге келген балдар сүрөт тартуу, шуру, пластилинден ар кандай буюмдарды жасоону үйрөнүшүүдө. Алардын тарткан сүрөттөрү, шурудан, пластилинден жасаган буюмдары көргөзмөгө коюлуп, андан кийин сатыкка коюлмакчы.
Балдардын борборго келип кетүүсү үчүн транспорт каралып, ар бир баланы үйүнөн алып келип, кайра жеткирип турат. Бул «Кумтөр» компаниясы менен бирдикте “Бардык балдар бирдей” деген аталыштагы долбоордун алкагында ишке ашырылууда.