Бүгүн, 4-июнда Бишкектин айрым кичи райондорунда жана конуштарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ак-Өргөө конушундагы Алтын-Казык, Таттыбүбү, Огуз-Ата, Күн-Көчө, Саадак, Камыр-Ата, Кара-Шоро, Ак-Кыя көчөлөрүндө, Ала-Тоо конушундагы Кара-Алма, Улук-Тоо, Терек-Сай көчөлөрүндө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.
Ошондой эле саат 9:00дөн 17:00гө чейин Асанбай кичи районундагы №21, 22, 23, 25, 27, 28, 29, 78, 78/2, 78/3, 78/4-көп кабаттуу үйлөрдө көмөк чордон менен электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.