Бишкектеги "Ош базарында" туруктуу соода орундары жок соодагерлер көбөйүүдө (фоторепортаж)

"Ош базарынын" аймагынын ичинде жана анын айланасында туруктуу соода орундары жок соодагерлердин саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Базардын ичиндеги мыйзамдуу жана мыйзамсыз сатуучулардын көптүгүнөн бут коёрго орун жок.

“Бүгүн милиция кызматкерлери атып үйрөнүүчү жайга кетишкендиктен, баш аламан соода кылган сатуучулардын саны кескин көбөйүп кетти. Биздин негизги жумушубуз - базар ичиндеги коомдук тартипти сактоо. Ал эми сатуучулар менен тиешелүү мекемелер иш алып барууда. Биз тараптан эскертүүлөр берилип, түшүндүрмө иштери жүргүзүлөт. Аларга "мыйзам чегинде иштегиле, орун алып иштегиле" деп эскертүү беребиз”,- дейт аймактык ага тескөөчү Мадияр Сулайманов.

Анын айтымында, ижарага орун алып иштеткен соодагерлер да көп учурда ордун таштап коё калып, ар кайсы жерге барып соода кылышат.

“Жалпысынан базар аймагында ар кандай коляска, арабалар менен соода кылгандардын саны 60-70ти түзөт”,- деп кошумчалады М.Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lily27
2014-06-04 10:14:49
60-70тен да коп ото эле. Анан откондо нан саткандар коляскаларын туртуп нандын баарын чачып салышты эле жол толо нан болуп калды. Милициялар келишти эле аларга деле баш беришкен жок, кайра аларды тилдеп туруп кууп жиьеришти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан