Нарын шаарындагы 15 мектепке "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасы аркылуу жардам берилүүдө

Нарын шаарында “Мектеп окуучуларына тамак берүүнү оптималдаштыруу” деген аталыштагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу 3-июнда жергиликтүү өкүлчүлүктөн билдиришти.  

Маалыматка ылайык, БУУнун "Дүйнөлүк азык-түлүк" программасынын (ДАТП) алкагында аталган аймактын 15 мектебине 600 миң сомго байытылган ун берилген. Андан сырткары 2500дөй кенже курактагы окуучуга нан бышырылып берилүүдө.

Аталган долбоордун алкагында өлкө боюнча 134 мектеп тандалып алынганы маалым. 2013-жылы БУУнун ДАТПсынын долбоору аркылуу өлкө боюнча 59 мектепке 3,1 миллион сомго байытылган ун жана 41,6 миллион сомго мектептердин ашканасын типтүү кылып жасоо үчүн жабдыктар алынып келинген. Бул долбоор 2016-жылы аягына чыкмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан