Декларация: Депутат Исхак Пирматов былтыр 1 миллион 257 миң сом киреше тапканын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов былтыр 1 миллион 257 349 сом киреше тапкан. Мунун 690 286 сому маянасы, 567 063 сому кошумча кирешеси экенин депутат тапшырган декларациясында көрсөттү. Пирматовдун 60 чарчы метр аянтты ээлеген дачасы, 15 чарчы метр жерди ээлеген дачасы, 3000 метрлик жер тилкеси бар экени белгиленди. Ал “Кыргызнефтегаз” ЖЧКсынын 0,556 пайыздык акциясына ээлик кылат. Автоунаасы тууралуу маалымат берген жок. 

Депутаттын жакындары былтыр 120 миң сом киреше табышса, алардын кыймылсыз мүлктөрү булар: 230 жана 80 чарчы метр аянтты ээлеген 2 батир, 20 чарчы метр аянтты ээлеген чайкана, 136 чарчы метр аянтты ээлеген батир.

Пирматовдун 2012-жылкы кирешеси бул жакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан