20 жыл ичинде Кыргызстанда никесиз төрөлгөн балдардын саны 3 эсеге өскөн

Акыркы 20 жыл аралыгында Кыргызстанда никесиз төрөлгөн балдардын саны үч эсеге көбөйдү. Бул тууралуу 2013-2017-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясында маалымдалган. “Акыркы жылдарда ички жана тышкы миграциянын күчөгөндүгүнө байланыштуу салттуу үй-бүлөлүк байланыштар кескин солгундаган. Экономикалык каатчылык, менчиктик мамилелердин өзгөрүшү, консервативдик жана диний көз караштардын таасири үй-бүлөлүк каатчылыкка алып келген” деп айтылган стратегияда. Анда айтылгандай, 1989-жылы никесиз төрөлгөн балдардын саны 12,7 пайызды түзсө, учурда 31 пайызды түзөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан