КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 4-5-июнь күндөрү Түркиянын Бодрум шаарында өтчү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин IV саммитине катышат.
Президенттин аппараты билдиргендей, саммитке Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын өлкө башчылары катышмакчы. Иш-чаранын жүрүшүндө ар тармактуу кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде туризм тармагындагы байланыштарды бекемдөө боюнча маселелерди талкуулашат. Жыйын соңунда тиешелүү декларацияга кол коюлат.