Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы пансионаттардын туристтик сезонго даярдыгын көзөмөлдөөнү баштады
Өкмөттүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ысык-Көл облустук башкармалыгы пансионаттардын туристтик сезонго даярдыгын көзөмөлдөө ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү өз алкагына пансионаттарда экологиялык жана техникалык талаптарды сактоону жана өрт кырсыктарын алдын алууну көзөмөлдөөнү камтыйт.
Андан сырткары жерди туура пайдаланууну жана жумушчулардын эмгек мамилелерин жөнгө салууну да көзөмөлгө алары айтылды.