Барак Обама Орусияга жаңы санкциялар жарыяланышы мүмкүн экенин айтты

АКШ лидери Барак Обама Орусия президенти Владимир Путин менен ишенимдүү алаканы кайра калыптандырууга даяр экенин билдирди. Бул үчүн Орусия Украинанын чыгышындагы аскер күчтөрүн чыгарып кетүүсү керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда чет элдик ММКлар жарыялашты.

АКШ лидери Вашингтон дайыма Москва менен жакшы мамиледе болуп келгенин, Орусия өзүнүн чек арасынын кызыкчылыгын көздөп жатканын белгилейт. Орусия Украина аскерлеринин операциялык аракеттерине тыюу салуу үчүн өлкөнүн түштүгүндөгү жикчилдерге көмөктөшүп жатканын айтты Обама. Эгерде Орусия Украинадагы туруксуздук кырдаалды уланта берчү болсо, АКШ Орусияга карата жаңы санкцияларды жарыялай турганын эскертти.

Ал эми Путин Украинадагы шайлоонун мыйзамдуу болгонун жана Украинанын жаңы президенти Пётр Порошенко менен жеке жолугушушу керектигин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан