Бүгүн, 4-июнда "Ош шаары – шериктештиктин маданий борбору" аталышындагы салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн түштүк борборунун мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага КМШнын 10 мамлекетинен атайын коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Анда шаар бийлигинин жана сыйлуу коноктордун катышуусунда салтанаттын ачылышы өтөт. Иш-чаранын алкагында "Менин сүйүктүү шаарым" аталышындагы бөбөктөрдүн сүрөт сынагы, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулат. Мындан тышкары "Алымбек датка" этнографиялык комплексинде чебер-уздардын эмгектери коюлат. Ошондой эле улуттук оюндар өткөрүлмөкчү. Ошону менен катар 300дөн ашуун чыгармачыл адамдар катышат. Иш-чаранын кечки бөлүгү борбордук стадиондо уланат.