Жалал-Абаддын Аксы районунда катталган табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Аксы районуна караштуу Үч-Коргон жана Жаңы-Жол айылдык аймактарында 1-июнь күнү катталган табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Дүйшөбаевдин билдирүүсү боюнча, Жаңы-Жол айыл аймагындагы Терс айылында мөндүрдөн пайда болгон сел суулары каптаган 1 турак жайдын айлана-тегерегин турак үй ээси туугандары менен биргеликте тазалашууда.

Ошондой эле Терс айылындагы сел суулары каптаган №1-насостук станцияны тазалоого Райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жана жергиликтүү тургундардан 15 адам жумушка тартылып, калыбына келтирүү иштерин аткарып жатышат.

Ал эми Жаңы-Жол жана Үч-Коргон айыл аймактарындагы мөндүрдөн жабыр тарткан дыйкандардын айыл чарба жерлери боюнча азырынча жумуштар жүргүзүлө элек.

Мындан сырткары Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан 20-27-аскер бөлүгүнө караштуу «Жийде-Сай» чек ара тозотуна тиешелүү курулуштардын учуп кеткен чатырларын калыбына келтирүүнү Аскер тозотунун жогорку башкармалыгы чечет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан