Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылында 2-июнда жүргөн селден улам сел калдыктарына толгон Кызыл-Октябрь - Үч-Булак унаа жолу тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Кара-Жыгач айылында 1 турак үйгө суу кирип, 10 турак үйдүн короо-сарайлары сел агындыларына толгон. Ошондой эле Талды-Булак айыл аймагынын Сары-Жайык айылында 7 турак үйдүн короо-сарайларын сел агындылары каптаган. Өзбек-Каба айылынан Каба айылына баруучу унаа жолдун 8 чакырым аралыгы, Базар-Коргон - Арстанбап унаа жолунун 17-19 жана 30-31-чакырым аралыктары дагы кум-шагылга толуп, аны тазалоо иштерине ЖЭМ-50 тарабынан 1 грейдер тартылып, сел калдыктарынан тазаланды.