Жаңы зеландиялык окумуштуу "жоголгон малайзиялык Боинг учагын Кыргызстандын Беш-Таш өрөөнүнөн издеш керек” дейт

“Жоголгон малайзиялык Боинг-777 учагын Кыргызстандын Беш-Таш (Талас) өрөөнүнөн издеш керек” деп сунуштады Жаңы Зеландиянын окумуштуусу Дункан Стил. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, учак жоголгон күнү аталган аймакта түтүн байкалган. “Чындыгында, Боинг ошол жерден кулап кетиши мүмкүн, бирок бул божомол гана. Ушул версияны да караштырып койсок туура”,- деди окумуштуу.

Белгилей кетсек, окумуштуу Дункан Стил Улуу Британиянын Букингем университетинин чакырылган профессору.

Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн. Издөө иштерине дүйнөнүн 30га чукул мамлекети киришип, 3 айга жакын убакыттан бери жыйынтык чыкпай келет. Малайзия бийлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн баары көз жумганы тууралуу билдирүү жасаган. Ага карабай учак, кемелер менен издөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
jigit.paren
2014-06-04 09:35:05
табылып калса экен анча мынча билбей жургон элдер Кыргызстанды таанып калышаар эле.
+2
boztalaa
2014-06-04 10:01:02
jigit.paren, Жалпак-таш деген дагы ороон бар ошол жакты да карап коруш керек.
-2
vangolu
2014-06-04 10:11:30
кызык,башка материкте отуруп алып,БЕШ-ТАШта тутун чыкканын кайдан билет???
-2
Dadin
2014-06-04 11:14:38
vangolu, Спутник деген бар,космостон эле байкап коруп турушат,суротко видеого тартып кайсыл жерде ким эмне кылып жатканын.
+1
Sagy
2014-06-04 10:19:31
Ээ, ал тутунду Таластык жаштар дунк чегип тутатышкан)))
+8
jakula
2014-06-04 10:47:35
Вьетнам,Малайзиядан корунсо Кыргызстанга кайдан келмек эле?Бирок карап корушсун" аракетке берекет".
0
youngyoung
2014-06-04 11:39:53
Айласы кеткенде айтылган версия да. Издебеген жери калбады, океан алдындагы кумду казып коруу гана калды окщойт. Кудай башка салбасын мындайды.
+1
nurkasym-2014
2014-06-04 22:16:45
Азыр техниканын оннукон мезгилинде ушул учакты табалбас болушту го.
0
kipchak
2014-06-05 10:19:50
Орусча айтканда "не реально". Талас жака келгиче коншу мамлекеттердин радарларына илинмек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан