Камакта отурган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан буулуп турган жолдун айынан жүргүзгөн иши токтоп калгандар Ош облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу 4-июнда ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ишкерлердин товары Кытайдан келе жатып жол тосулган жерде туруп калган.
“Бизге түшкөн даттануулар көбөйүүдө. Азыркы тапта жеке ишкерлерден 6 арыз түштү. Бул боюнча атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, келтирилген чыгымдарын эсептеп чыкмакчы. Андан кийин чара көрүлөт”,- деди ал өз сөзүндө.
Эскерте кетсек, 27-майдан бери Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу боюнча Алай районунун Сопу-Коргон айылынын тургундары Эркеч-Там унаа жолун буушкан. 2-июндан тарта алар бийликке койгон талаптарын өзгөртүшүп, биротоло камактан чыгаруу талабын коюшкан.