Эрлан Абдылдаев Түрк тилдүү өлкө башчыларынын кызматташуу кеңешинин IV саммитине катышат

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн, 4-июнда Түркиянын Бодрум шаарында өтчү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин IV саммитине катышат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Саммитке Кыргызстан, Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын өлкө башчылары да катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө ар тармактуу кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде туризм тармагындагы байланыштарды бекемдөө боюнча маселелерди талкуулашат. Жыйын соңунда тиешелүү декларацияга кол коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан