Өзбекстандагы Барак эксклавынын кыргызстандык тургундарын көчүрүп келүү иштери уланууда

Өзбек Республикасынын аймагында жайгашкан КРнын Барак эксклавынын тургундарынын курулуш материалдарын Кыргызстандын аймагына жеткирүү үчүн 2-июнь күнү ӨКМнын 6 оор жүк ташуучу унаасы жиберилди. Бул тууралуу бүгүн ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чаралар кыргыз өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы №11-149- тапшырмасынын негизинде аткарылууда. 2-июнь күнү жөнөп кеткен оор жүк ташуучу автоунааларынын экөөсүнө 197 түп терек, 1 автоунаага 63 кой, 4 автоунаага 48 уй, 1 жылкы жүктөлгөнү маалым болду.

Ал эми бүгүн, 4-июнда эртең мененки саат 06:05те аталган унаалар Ош шаарынын аймагына келишти. Терек жүктөгөн 2 автоунаа Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагына жеткирилмекчи. Ошондой эле мал-жандыктарын жүктөгөн 5 автоунаа Ош-Гүлчө автоунаа жолунун 58-чакырымына жеткирилет.

Эске салсак, Барак айылына ӨКМдан буга чейин да автоунаалар берилип, алардын курулуш материалдары менен мал-жандыктары КРнын аймагына чыгарылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aibek123
2014-06-04 10:06:10
жакшы тушуно алган жокмун барак деген э мне
0
PROS
2014-06-04 10:38:48
Баракты сатып ийген жокпу деги?
0
Likvidator
2014-06-04 10:42:12
Элди алып чыккан менен жер калып жатпайбы. Жерди жон гана таштап салбай алмаштырса жакшы болмок.
+1
semakg
2014-06-04 10:49:56
Биздикилер ушинтип таштап мамлекет баш болуп бошотуп берип жатышат кыргыз анклавын, ал эми тажиктер ворухта кобойгондон кобойуп кайра бизди каптап жатат. Эч болбосо ошол жерлерди алмаштырышпайбы? Жок анда пайдасыз арендага бериш керек 50-99жылга ошондо акча тушот чонтогунорго жемкорлор ушинтип кыргыз жерин саткандан тажашпады же тоюп олушподу? Бир болсо барактыда откоруп бергени калды Озунобектерге?
+3
Dadin
2014-06-04 11:20:06
Ошко газды озбек тарап бекер берди деп ойлодунар беле,очургонунун да себеби ушул жер болчу да.Дагы кайсыл жерди сурап газды очурот болду экен.
+2
admin_portal
2014-06-04 11:46:27
apal.. - 2 күнгө БАН!
Кемсинтүү, мазактооо иретиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан