Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жетекчилиги менен өкмөттө 3-июнда жыйын өтүп, анда малды идентификациялоо системин киргизүү жана аларга байкоо жүргүзүүнүн жолдору каралды.
Сарпашевдин айтымында, кыргыз өкмөтү Польша өкмөтүнөн 40 миллион евро жеңилдетилген кредит алып, анын 16 миллион евросун малды идентификациялоо системин калыптандырууга жумшайт.
"Малды идентификациялоону жөнгө салуу - өкмөттүн Бажы биримдигине кирүү астындагы жол картасын иш жүзүнө ашыруудагы эң чоң стратегиялык милдети. Бул жол картасында да жазылган. Кыргызстандын эт жана сүт азыктарын экспорттоодогу жөндөмү абдан чоң. Ошондуктан малды идентификациялоо системин калыптандырууда бир дагы ката кетирилбеш керек",- деп билдирди Сарпашев.
Вице-премьер-министр аталган системди киргизүүдө тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын ойлоп, чөнтөктөрүн толтургусу келгени билинип калганын айтты. “Баарыңар биригип алып белгисиз бир компанияны тендерден өткөрүп, анын эсебинен пайда көрөм деп коррупциялык схема чийип койгонуңар билинип эле турат. Кабинеттерден кабинеттерге чуркап жүргөнүңөрдү дагы жакшы билем. Мен буга жол бербейм. Пландаштырыл жаткан жумуш бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалат. Туура эмес иш жасасаңар, камаласыңар”,- деди Ветеринардык инспекциянын өкүлдөрүнө.
Айта кетсек, малды идентификациялоо эт жана сүт азыктарын Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө, араб мамлекеттерине, Евросоюзга экспорттоого жол ачат. План боюнча бардык малды каттоо ушул жылдын 1-октябрынан башталып, 2016-жылдын 1-июнунда бүтөт.