Бишкекте өрттөнүп жаткан үйүн өчүрүүгө аракет кылган 82 жаштагы байбиче ооруканага жеткирилди

Бишкекте өрттөнүп жаткан үйүн өчүрүүгө аракет кылган 82 жаштагы карыя ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-июнда билдирди. 

Маалыматтарга караганда, борбор калаанын Тюменская көчөсүндөгү турак үйдүн калай менен жабылган чатырынын жыгач устундары күйгөн. Кырсык болгон жерде үй ээси болгон 82 жаштагы байбиче өрттү өзү өчүрүүгө аракет кылып, денесинин 72 пайызы күйүп калган. Аталган жаран "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу кырсыкка себеп болгону маалымдалды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан