Мамлекеттик сатып алуудагы электрондук систем – дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген жана коррупциянын деңгээлин азайта турган ийгиликтүү долбоор. Муну премьер-министр Жоомарт Оторбаев 3-июнда аталган долбоордун бет ачарында айтты. Оторбаев аталган долбоорду даярдоого 2 жыл жумшалганын белгилеп, “мамлекеттик сатып алуудагы дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган электрондук системди даярдоо боюнча чоң иш бүттү” деп билдирди.
Премьер-министр 2014-жылдын февраль айында Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент түзүлгөнүн, ал электрондук системдин укуктук-нормативдик базасын иштеп чыгып, өнүктүрө турганын кошумчалады.