Алайда жол тоскондор сабаган милиция кызматкери ооруканага жаткырылды

Алайда жол тосуп тургандар тарабынан токмоктолгон Алай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Алмазбек Маматов Ош облустук ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда бизге Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 

Айтымында, милиция кызматкерлерин сабагандарга кылмыш иши козголду. 
Алмазбек Маматов 3-июнда жол бууп турган элге келип, буга чейин кылмыш иши ачылган фактылар боюнча материалдарды жыйнаганы жатканда алар милициянын башчысын жана тартип кызматкерлерин кубалап жиберишти. Жалпы 4 милиция кызматкерин сабашты. Алардын үчөөсү жеңил жараат алгандыктан, ооруканага жаткырылган жок”,- деди Ашырбаев. 
Эскерте кетсек, 27-майдан бери Ахматбек Келдибековдун тарапкерлери аны боштондукка чыгарууну талап кылып, Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турушат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан