Бөдөш Мамырова: “Ички иштер министри “Алайда мас болгон 60тай адам жол тосуп турат” деген сөзүнө жооп берсин”

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова Алайдагы митингчилер боюнча ички иштер министри Абдулда Суранчиев айткан сөздү териштирүүнү сунуштады. “Ата Журт” фракциясынын өткөн аптадагы жыйынында ички иштер министри бир билдирүү жасап, ал интернетке тарап кетти. Министр “Алайдын Сопу-Коргон айылында мас болгон 60тай адам жол тосуп турушат” деди. Бул сөздү ал кайдан алды? Парламентке келип, трибунадан жооп берсин. Шайлоочулар улам телефон чалып, нааразы болушууда”,- дейт депутат.

Төрага Асылбек Жээнбеков жыйынга ички иштер министринин орун басары келип суроолорго жооп берерин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан