Алдыдагы 2 жылда Ош шаарынын аймагына 100 пайыз газ тартылат

Алдыдагы 2 жылда Ош шаарынын аймагына 100 пайыз газ тартылат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 4-июнда «Кыргызгазпром» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Ошгаз» филиалынын жетекчиси Маматкалык Аматов орусиялык "Газпром" ишканасы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө таянуу менен айтты.

Айта кетсек, «Газпром» компаниясы «Кыргызгаз» ишканасын сатып алып, 32 миллион карызын төлөп, 600 миллион доллар инвестиция салуу ниети бар. Анын ичинде Ош шаарындагы газ түтүктөрүнүн эскилиги жеткен жерлерин оңдоо, айрым аймактарга толугу менен газ жеткирүү иштери жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, 14-апрелден тартып коңшу Өзбекстан Ош шаарына газ берүүнү токтоткон.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан