Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков Алайда тосулган жолду ачуу зарыл экенин билдирди. Айтымында, алардын парламентке койгон талаптары туура эмес. “Жолду бууп алышып, маселени Жогорку Кеңеш карап берсин дегени туура эмес. Туристтик сезон келе жатат. Өлкөдөгү ар бир митинг, жол тосуу туристтерди качырат. Бизге чек ара көйгөйү да жетет, жолдорду тосуунун кажети жок. Көпчүлүк жарандардын тиричилиги туристтик сезонго байланышкан. Жол ачылышы керек”,- деди төрага.
Депутат Бөдөш Мамырова жол тосуу аргасыздыктан жасалып жатканын айтты.