Ош шаарындагы Курманжан датка-2 аймактык кеңешин таза суу менен камсыз кылуу аракеттери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2-июнь күнү «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын имаратында Европа өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү банкы тарабынан каржыланып жаткан 584 миң евро өлчөмүндөгү каражатка тендер өткөрүлгөн.
Аталган тендерге 8 фирма катышып жатат. Алардын ичинен эң төмөнкү бааны сунуштаган фирма 503 503 еврого көрсөтүлгөн бардык жумушту аткарууга даяр.
Бул каржатка Озгур айылында жайгашкан №1-насостук станциядан 3,5 чакырым, көлөмү 300 мм болгон кошумча суу түтүгү Турандагы 2000 кубдук резервуарга тартылат. Бул жерден Туран аймактык кеңешиндеги (Южный район) жайында суу чыкпаган көп кабаттуу үйлөргө жана Курманжан датка-2 аймактык кеңешине (Дача участкасына) таза суу берүү мүмкүндүгү түзүлөт. Жогоруда тендер өткөрүлгөн каражатка кошумча Төлөйкөн айылындагы №4-насостук станциядан №5-насостук станцияга узундугу 500 метрден ашык жана Жамбыл көчөсүнө 1 чакырымдан ашык суу түтүгү тартылат.
Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн программасында Европа өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү банкы менен биргеликте шаардагы таза суу берүүнү жакшыртуу жана таза суу менен камсыз болбогон аймактарга суу алып баруу үчүн жалпы 8,5 миллион евро каражатты өздөштүрүү мерчеми бар. Каражаттан 3 миллион евро 15 жылга пайызсыз насыя, 5,5 миллион евро грант түрүндө берилмекчи.