Алмазбек Атамбаев менен Түркиянын премьер-министри стратегиялык кызматташуунун алкагында бир катар документтерге кол коюшту

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 3-июнда Түркияга иш сапары менен барды. Анда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин 3-отурумунун алкагында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарды, өлкөлөр ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Президент менен премьер-министр инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына жеткирүүгө багытталган иштерди жүргүзүү боюнча пландарды белгилешти.

Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуунун маанисин белгилеп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулап, азыркы коркунучтарды чогуу жеңүүдө жалпы умтулуубуз бекем экендигин ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин үчүнчү отурумунун биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.

Мындан тышкары президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө протокол;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда метрология тармагында макулдашуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан