Токтогул районунун тургуну "жердешин атып өлтүрүүгө аракет кылган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-июнда маалымдады.
2014-жылдын май айында Токтогул районунун Айбек жана Максат аттуу тургундарынын ортосунда уруш чыгып кеткен. Көрүп тургандар аларды ажыратып койгондо Айбек белгисиз тарапка кетип, 40 мүнөттөн кийин кайра кайтып келип, Максатка сүйлөшүп алууну сунуштаган. Ал аны унаасына салып ээн жерге айдап барган.
Ал жерден Максат унаадан чыгып келаткан мезгилде Айбек ок атуучу курал менен атып жиберген. Кийин Максат каршылык көрсөтүп баштаганда колундагы куралы менен башка чаап, ээсин оодарып таштап кетип калган.
Ал эми Максат кийин ооруканага жеткирилген. Ооруканада жаткан мезгилде Максатка белгисиз адамдар телефон чалып, опузалап турушкан. Андыктан ал укук коргоо кызматкерлерине кайрылган эмес.
Бирок аталган факт боюнча милиция тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү кармалып, борбор калаага алынып келинген. Учурда ал күнөөсүн мойнуна алгандыгы жана №1-СИЗОдо камакта экендиги маалым болду.