Жогорку Кеңештин депутаттары улуу манасчы Жусуп Мамайдын жаркын элесин ордунан туруу менен эскеришти

Жогорку Кеңештин бүгүн, 4-июнда өтүп жаткан жыйынында депутаттар улуу манасчы, КРнын Баатыры, КРнын Эл артисти Жусуп Мамай 96 жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жаркын элесин ордунан бир мүнөт туруу менен эскеришти.

"Жусуп Мамай нукура элдик улуу мурасыбыз "Манас" дастанынын сактоочуларынын бири, аны андан ары улантуучу катары таанылган инсан. Ал Манас атанын тукумун 8 муунга чейин уланта айтып, "Манас" дастанынын 18 томдук китебин чыгарган",- деди төрага Асылбек Жээнбеков.

Белгилей кетсек, кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Жусуп Мамай 1918-жылы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районундагы Ак-Чий ооданына караштуу Меркеч айылында жарык дүйнөгө келип, 2014-жылдын 1-июнунда дүйнөдөн кайтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан