Ош шаарындагы “Келечек” буюм базарында өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 3-июнда саат 21:21 чамасында Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Келечек» базарында 503-контейнерде өрт чыгып, натыйжада 9 чарчы метр соода түйүнү күйүп кеткен. Ал эми өрттүн чыгуу себеби электр тогун колдонууда коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан улам болгон.