Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Бүгүнкү күндө коомчулук партиялар менен элдин байланышына нааразы болуп жатышат”,- деп билдирди. Айтымында, өлкөдө депутаттарды шайлоо системинде кемчиликтер бар.
“Эл "биздин аймакка кайсы депутат бөлүнгөнүн билбейбиз" деп жатат. Бул кемчилик бар. Чынында, депутаттарга мандат берүүдө аймактык квота сакталбай калууда. Эл менен партиялардын байланышы да начар. Билебиз, өлкөдө партиялар эми гана бутуна туруп келе жатышат”,- деди Текебаев.
Эскерте кетсек, өлкө президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору каралып жатат.