“Ноокат районунда тамеки өндүрүү ишин күчөтүү керек”,- деп билдирди бүгүн, 4-июнда депутат Надира Нарматова. Муну депутат "Парламент" радиосундагы түз байланышта айтты.
“Ноокатта тамеки өндүрүү Союз убагында жакшы өнүккөн. Аймакта шайлоочулар менен жолугушууда эл ушул маселе боюнча маселе көтөрүп жатат”,- деди Нарматова.
Ал эми депутат Ахматбек Келдибеков боюнча берилген суроого жооп берип жатып жол тоскон эл бийликтин мыйзамсыз аракетине мыйзамсыз жооп берип жатканын кошумчалады.